Редакцияот 27.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы II сессиясы

2018-жылдын 27-марты № 8

Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын эсеби аткарылышы боюнча Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 57 344 926 сом, атайын каражаттын эсеби 336 000 сом мерчеминде аткарылып, “канааттандырарлык” деп табылсын. (№ 1-2 –тиркемеге)

2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев