Редакцияот 07.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы III сессиясы

2018-жылдын 07-июну №11

Чоң-Сай айылындагы Курусай арыгын куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомунун негизинде “Өзгөчө чек ара аймак” статусуна ээ болгон айылдык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шартына жакшы шарт түзүү максатындагы Чоң-Сай айылынын Курусай участкасынан Парзыбек участкасына чейинки аралыктагы Курусай арыгын курууга макулдук алууну сураган Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Айылдык аймактын Чоң-Сай айылынын Курусай участкасынан Парзыбек  участкасына чейинки аралыктагы Курусай арыгын курууга макулдук берилсин.

 2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

 3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө  жүктөлсүн.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

Төрага

Н. Жакыев