Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 9
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70921-31121290 статьясынан 70111-31121290 статьясына каражат жылдыруу жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 70921-31121290 статьясынан 70111-31121290 статьясына каражат жылдыруу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун кайрылуусу тууралуу айылдык Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймактагы жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, “АРИСтин ПРЖ-2 долбоорунун” алкагында погрузчик сатып алуу үчүн, “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар” бирикмеси даярдаган долбоорду толук кандуу турмушка ашырууга айылдык аймактан өздүк салым кошуу үчүн Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 70921-31121290 статьясынан 600.0 ( алты жүз миң) сомду 70111-31121290 статьясына жылдырууга макулдук берилсин.
2.Каражатты жылдыруу жагы айылдык аймактын ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовго тапшырылсын.
3.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |