Редакцияот 05.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы

2018-жылдын 05-ноябры № 4

Көк-Таш айылдык аймагында 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштер боюнча маалымат угуу жөнүндө

Көк-Таш айылдык аймагында 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштер боюнча

айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовдун жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Көк-Таш айылдык аймагында 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштер боюнча айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовдун жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун маалыматтары жактырылсын. (тиркеме тиркелет)

2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн

 

Төрага

Н. Жакыев