Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI – чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2018-жылдын 25-декабры № 61

Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифтерин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифи 1 (бир) километрине 1 (бир) адамга 1,93 (бир сом токсон үч тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.    Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Зикиров