Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XII сессиясы 

2018-жылдын 4-декабры №1

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралу типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Бешик-Жон айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосу алымча кошумчасы менен №1тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет) .

2.  Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, коомдук коопсуздук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Масабиров