Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 19-декабры № 2

Аппарат кызматкерлерине премия берүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнун башчысы М.Укуеевдин кайрылуусу боюнча 2018-жыл ичинде үлгүлүү иштеп,кызматтык милдеттерин так аткарып,айыл аймагынын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн үнөмдөлгөн акча каражаттан аппарат кызматкерлерин сыйлоо максатындагы кайрылуусун карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин сыйлоо максатында үнөмдөлгөн каражаттан акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Укуеевге милдеттендирилсин..

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Жумабеков И.О.