Редакцияот 28.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 28-июну № 66/IX-27

Ак-Кудук айылдык округунун калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө

“Ак-Кудук айылдык округунун калкын меддициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, ФАПтардын кызматкерлери тарабынан калкка медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт. Балдарды эсепке алуу жакшы жолго коюлган, эмдөөлөр өз убагында жасалат, майыптардын тизмелери, бейтаптардын категориялары боюнча тизмелер бар.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    “Ак-Кудук айылдык округунун калкын меддициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2.    Ак-Кудук айыл өкмөтү ФАПтарга жабдыктарды (столдорду, текчелерди, шкафтарды, отургучтарды, титандарды) алууга жардамдары көрсөтүлсүн.

3.    Ушу чечимдин аткарылышын көзөмөл жүргүзүүнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Суваналиев