Редакцияот 29.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы

2018-жылдын 29-декабры № 6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасыны реконструкциялоо жөнүндө

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты С.Мойдуновдун сунушун талкуулап алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын реконструкциялоого өздүк салымына акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен 3111 статьясынан 663900 сом каралып бөлүнүп берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров