Редакцияот 27.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

11-сессия

 

2018-жылдын 27-сентябры № 66/XI-27

Мүчөлүк акы төлөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзуна акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 06.09.2018-ж. №01-14/549 Кант шаарынын калкына киши башына 1 сомдон мүчөлүк акы төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып

КАНТ ШААРДЫККЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын башындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгынан 21658 (жыйырма бир миң алты жүз элүү сегиз)миңсом өлчөмүндөгү акча каражатын Кант шаарынын калкына киши башына 1 сомдон мүчөлүк акы төлөөгө бөлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2018-ж. 22-октябрынан кечиктирилбей берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шайлдабеков