Редакцияот 21.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

10-сессия

 

2018-жылдын 21-июну № 57/X-27

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына КРнын шаардык кеңештеринин арасындагы мини-футбол боюнча турнирге барууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына КРнын шаардык кеңештеринин арасындагы мини-футболбоюнча турнирге барууга акча каражатын бөлүү жөнүндө чечимин карап чыгып

КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык мэриясы 2018-жылдын 1-жарым жылдыгындагы бюджет каражатынын эркин калдыгынан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына КРнын шаардык кеңештеринин арасындагы мини-футбол боюнча турнирге барууга 70,0 (жетимиш) миң сом акча каражатын бөлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шайлдабеков