Редакцияот 14.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 14-августу № 7

Талды-Булак айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатуу убактысына чектөө киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык жана калк арасында сергек жашоону жайылтуу максатында Талды-Булак айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Булак айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатуу убактысына чектөө киргизилип, кечки саат 19-00 го чейин сатылсын.

2. Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан соода түйүндөрүндө жана дүкөндөрө алкоголдук ичимдиктер жана тамеки кечки саат 19-00до сатуу токтотулсун.

3. Аймактык тескөөчүсү, айыл башчылар,кварталныйлар ушул токтомду соода түйүндөрүнүн ээлерине жеткиришсин.

 

Төрага

Б. Кененсариев