Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 30-ноябры № 68/16

Кара-Дыйкан айылынын М.Зулпукаров көчөсүнө жана Жээренчи айылынын Б.Султанов көчөсүнө шагыл төгүүгө акча бөлүп берүү жөнүндө

 

Жазы айыл өмөтүнүн башчысы М. Ибраимовдун ЖКХдан үнөмдөлгөн акчадан Кара-Дыйкан айылынын М.Зулпукаров көчөсүнө жана Жээренчи айылынын Б.Султанов көчөсүнө шагыл төгүү боюнча угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЖКХнын ар кандай чыгымдар 2215статьясынан үнөмдөлгөн акчадан Кара-Дыйкан айылынын М.Зулпукаров көчөсүнө 80 000 (сексен миң) сом жана Жээренчи айылынын Б.Султанов көчөсүнө 20 000 (жыйырма миң) сом шагылга бөлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.С. Акматов