Редакцияот 08.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2018-жылдын 8-ноябры № 4/1

Күнтуу айыл аймагына күнөскана курууга уруксаат берүү боюнча

 

Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Белгиленген жер үлүшүнө, жеке менчик ээсине “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамдын 10 беренесин сактап, аталган үлүш жерлердин кыртышын бузбай, максаттуу пайдалануу менен айыл чарба багытында колдонуп, айыл чарба продукцияларын өндүрө турган күнөсканалар тургузулсун жана бул күнөсканаларга жеңил конструкция менен бир эле үй салынсын;

2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Сейдалиев бул токтомдун аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуусу милдеттендирилсин;

3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

У.Б. Астаркулов