Редакцияот 16.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

2019- жылдын 16-февралы № 137

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургуну Ашыралиева Махабаттын кызы Токтокандын Туркия мамлекетине барып бий боюнча конкурска катышып келүүсүнө материалдык жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ашыралиева Махабаттын кызы Токтокандын Туркия мамлекетине барып бий боюнча конкурска катышып келүүсүнө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен материалдык жардам катары 50 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов