Редакцияот 16.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

2019- жылдын 16-февралы № 139

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айылдагы Абу-Бакир мечитинин имамы Нурманбетов Ысабектин жазган арызын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айылдагы 3 мечиттин ( Такыбай уулу Байырбек мечитинен башка) пайдаланылган электр энергиясына кеткен чыгымды төлөөгө жергиликтүү бюджеттен 45 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов