Редакцияот 16.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

2019- жылдын 16-февралы № 153

Айыл  тургундарынын  арыздарын  кароо

Чойбек  булуңуна  кеткен  жолду  оңдоо  жөнүндөгү айыл  тургундарынын  арыздарын  карап  жана  талкуулап  чыгып, Депутаттардын  Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Чойбек  булуңуна  кеткен  жолду  оңдоо  иши  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетиндеги  өзгөчө  кырдаалдар  үчүн  түзүлгөн  150  миң  сом  кол  тийгиз  акча  каражат  эсебинен  аткаруу  жагы  белгиленсин.

2. Токтомдун  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  Арал  айыл  өкмөтүнүн  башчысына  милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов