Редакцияот 16.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

2019- жылдын 16-февралы № 160

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургуну Калыкберди уулу Тынчтыкбектин жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургуну Калыкберди уулу Тынчтыкбектин арызы канаатандырылып, арыз ээсине жергиликтүү бюджеттен матриалдык жардам катары 30 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов