Редакцияот 06.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-декабры № 40

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Айдаралиев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүу программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго жүктөлсүн.

Төрага

Ч.Айдаров