Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры № 12/1
Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2019-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүнбашчысыК.Баатыровдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2018-жылдын ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
(маалымат тиркелет)
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
-калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салуу, жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, эпизоотиялык абалды көзөмөлгөалуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги ХII сессиясынын (VI чакырылыш) 19-февраль 2019-жылдагы № 12/1 токтомуна тиркеме
2018-жылдын жыйынтыгы менен Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жана 2019-жылга карата өнүгүшүнүн абалы жана 2019-жылга карата милдеттер жөнүндө
Маалымат
2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн туруктуу темптерин камсыз кылуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багытында айыл өкмөтү тарабынан бир топ иштер жүргүзүлдү.Айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөрү ички дүн продукциясы райондуку 3275,4 млн сом болсо, мунун ичинен ички дүн продукция айыл өкмөтүндөгү 392,8 млн сом болуп, жалпы ИДП нын 11,9 % түздү. 2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ИДП 392,8 млн сомду түздү. Анын ичинен айыл чарбасынын ички дүн продукциясы 355,2 млн сом болуп, жалпы ички дүн продукциясынын 90,4% түздү. Өнөр жайы 2,8 млн сом болуп 0,7% курулуш тармагы 4,2% түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырганда быйылкы 2018-жылдын 12-айынын жыйынтыгында 105,8 % түзгөн.
Айыл өкмөтүнүн салыктарды жана жыйымдарды топтоп 2017-жылдын жыйынтыгында аткарылганы 3901,43 млн сомду түзгөн.
Бул көрсөткүч 2018-жылдын жыйынтыгы менен 4088,7 млн сомго аткарылып өткөн жылга салыштырмалуу 104,8% аткарылды.
2018-жылдын жыйынтыгы менен болжолдонгон план 3508,4 млн сом болсо, аныгында аткарылганы 4088,7 млн сом болуп же 116,5 % аткарылды.
Негизги көрсөткүчтөр толгону менен салык топтоонун белгиленген болжолдуу пландагы түрлөрүнөн 2018-жылдын жыйынтыгы менен 2 түрүнөн же транспорт салыгынан 6,6 млн сомго, бирок транспорт салыгы 18 миң көп 2017-жылга салыштырганда сатуудан салык 12,5 миң сомго аткарылбай калды.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “ 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу атайын пландар бекитилип иш-чараларлар иштелип чыгып бир топ иштер аткарылды. 2018-жылдын жыйынтыгында жалпы инвестиция тартуу боюнча төмөндөгүдөй болду. Республикалык бюджеттен 4650,0 млн сомго , эл аралык донорлордон 25908,4 миң сомго, демөөрчүлөрдүн эсебинен 3199,1 млн сомго, жергиликтүү бюджеттен 1901,0 млн сомго ар кандай жумуштар аткарылды, жалпы 33657,5 млн сомдук Республикалык бюджеттен Ж.Жолдошов атындагы бала бакчага дем берүүчү гранттан чатыры жабылып ичи ремонт болду. Чет элдик донорлордун эсебинен каржыланган долбоорлор Кувейт мамлекетинин “Зекет” кайрымдуулук фонду тарабынан Ылай-Талаа айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда. 7,5 млн сомдук, Сай айылына Кувейт мамлекетинин “АС-САФА” кайрымдуулук фондусунун “Нур” долбоору аркылуу 8,5 млн сомдук жалпы узундугу 3,5 км жаңы линия, 80 м3 суу кампасы курулуп ишке берилди. “Швейцария мамлекетти тарабынан каржыланган “Элдин үнү” долбоорун өнүктүрүү саясат Институту аркылуу ишке ашырган долбоор менен “Балазат” балдар бакчасын айланасы тосулду, эшиктерин алмашылды. Сай балдар бакчасына беседка курулду ичи тышы ремонт болду. Ж.Айтбаев мектебинин ашкананы бүткөрүлдү жалпы 1,0 млн сом айыл өкмөтүнөн 150 миң сом бөлүндү. Ушул эле долбоор аркылуу Сай айылына караштуу Ак-Талаа, Кош-Тектир, Котур-Дөбө участкаларына 1,0 млн сомдук таза ичүүчү суу чыгарылып жакында ишке берилди, айыл өкмөтү тарабынан өздүк салымы 114,7 млн сом бөлүп берилди. АРИС уюму тарабынан 1 даана погрузчик алынып келип АРИСтен 1633,0 миң сом, Мырзалиев Эрмек тарабынан 350,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң бөлүнүн берилди. Андан сырткары МТЗ-92 маркасындагы экскаватор келди анын баасы 2600,0 млн сом 2018-жылы демөөрчүлөр дагы бир топ жакшы жумуштарды жасап берди. Алсак Каманчы участкасынын 1000 метр жерине Ажимаматов Нышанбай 350 миң сомдук труба алып берип алмашылды.
А.Осмонов атындагы орто мектебинин фойесине 250 миң сомдук кафель 20-жылдык бүтүрүүчүлөр басып беришти. 10-жылдык бүтүрүүчүлөр 20 мин сомго ардак такта жасап беришти. Андан сырткары республикалык бюджеттен 54 даана айнегине 653,8 сомдук пластик айнек коюулду. Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин алдына 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 420,0 миң сомдук 370 м2 таш шырдак басылды. 10 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 15 миң сом видео көзөмөлгө, Акыев Баатырбек 10 миң сом, Абдылдаев Урматкан 10 миң сом, ата-энелерден 55,1 миң сом чогултулуп видео көзөмөл коюулду азыр иштеп жатат. Турганбаев Бакир тарабынан 58,5 миң сомдук 130 м2 мрамор таш берилди. Калназарова Жанара 24 миң сомго бир классты полдоп берди. Андан сырткары жалпы педогогикалык жамаат тарабынан 49,5 миң сом топтоп түстүү принтер жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. М.Баатыров атындагы орто мектебине 20-жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин кире бериш жерине 300,0 миң сомдук арка жасап беришти жана 35 миң сомдук мебель алып беришти. Ж.Айтбаев атындагы мектепке бүтүрүүчүлөр 5000 миң сом жардам беришти. Ж.Ибраимов атындагы мектептин пердагогикалык жамааты өздөрүнүн эсебинен принтер, ксерокс 62400 миң сомдук алып беришти.
Жалпы жергиликтүү бюджеттен айыл аймагынын 6 мектебине 5 бала бакчага 2018-жылдын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар толугу менен бөлүнүп берилди. Т.Назаров атындагы толук эмес орто мектебинин электр чубалгылары толугу менен алмаштырылган 3-фаздуу электр тогу киргизилди. 35,0 миң сомго . Ж.Ибраимов атындагы толук эмес орто мектебинин электр жылыткычтарынын линияларын жаңылап , ашкананын башка бөлмө кылып тосуп бердик жалпы 29.0 миң сомго Ж.Айтбаев атындагы толук эмес орто мектебине жана анын алдындагы бала бакчага 25.8 миң сомго 2 холодильник алып бердик. “Балазат” бала бакчасына 16,5 миң сомго төрт көздүү плита алынып берилди. Бардык мектеп, бала бакчаларга өрткө каршы огнетущитель жаңыланды. Ошондой эле бардык мекемелердин энергопаспортторун жаңылоо боюнча 80,0 миң акча каражаты жумшалды. Жалпы тех.ремонт, эмеректер, “Элдин үнү” долбоору үчүн өздүк салым 150,0 миң сом, дем берүүчү гранттын өздүк салымы жогоркуларды кошкондо жергиликтүү бюджеттен 802.954 миң сом акча каражаты жумшалды.
Айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде жүргүзүлүп жаткан жумуштар жөнүндө. Айыл аймагындагы мектептерде 153 мугалим 1865 балага тарбия берүүдө.. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринин 5-жылдык аккредитациялоодон А.Осмонов, Ө,Абдылдаев өткөн дагы эле М,Баатыров мектеби кайра өтүп жатат. Ж.Ибраимов, Ж.Айтбаев мектептери эми өтүшөт. Айыл аймагындагы бардык мектептер компьютер менен камсыз болгон, бала бакчаларга дагы компьютер ксерокс алып бердик жакынкы күндөрү бардык мектептерге проводду интернет линиясы киргизилди. Ө.Абдылдаев мектебинде 3 интерактивный доска, 23 компьютер, 4 проектор, 4 принтер, 4 телевизор, 2 экран. А.Осмонов мектебинде 17 компьютер, 3 интерактивный доска, 2 принтер, 3 проектор бар. М.Баатыров атындагы орто мектепте 8 компьютер, 1 интерактивный доска, 1 принтер, 1 проектор бар. Калган мектептер дагы компьютер менен камсыз болгон. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда 389 балага 54 тарбиячы жана 1 жайлоо балдар бакчасы бар. Бул жайлоо бакчасына дагы жайлоого көчүрүү кайра алып келүү айыл өкмөттүн эсебинен жүргүзүлөт. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда 378 бала тарбияланат жана мектепке чейинки курактагы балдардын саны 0-6 жашка чейин 1265 бала балдар бакчасына камтылуусу 30% түзөт.
Айыл өкмөтү боюнча 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөндөгүдөй болду. Жалпы айыл өкмөтү боюнча 51 окуучу катышып орточо баллы 116,32 түздү. Мектептер боюнча алганда А.Осмонов атындагы орто мектеби эң жогорку упайды Асилбек кызы Гүлмиза 167 болсо , эң төмөнкү упай 92 түздү. Орточо 114,3 упай болду. Ө.Абдылдаев атындагы орто мектеби боюнча эң жогорку упай 167 Раимбекова Элнура,. Маметжанова Айтурган 166 упай алды, 2 окуучу Кубатбеков Абай 161 упай, Алибаева Мээрим 160 упай алган орточо 124,2 упайды түзүп райондо алдынкы мектептердин катарына кошула алды. М.Баатыров атындагы орто мектеби боюнча 15 окуучудан 11 окуучу катышып бир дагы окуучу 160 упайга жеткен эмес орточо 105,7 упай алышып, райондун деңгээлинен төмөн түшүп айыл аймагын артка тартып эн начар деген райондогу 5 мектептин катарына кошулду. Райондук облусдук, республикалык олимпидаларга катышуу 2018-жылы 1 окуучубуз А.Осмонов атындагы орто мектептен Султанкул кызы Адалкан мугалими Ажимаматова Гүлзат республикалык турга катышып облусубуздун намысын коргоп келди. Ага мугалимине жергиликтүү бюджеттен 20.0 миң сом бөлүп бердик. Ошондой эле облустук мыкты мектептер боюнча кароо конкурска биздин айыл аймагындагы Ө.Абдылдаев атындагы мектеп катышып жетекчиси Дыйканов Исабек анда 2 орунду ээлеп райондун намысын коргоду. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча кароо сынакта Ылай-Талаа балдар бакчасы жетекчиси Арсбаева Мария катышып облуста 3 орунду ээледи.
Айыл чарба тармагы боюнча:
Кара малды идентификациядан өткөрүү боюнча 4200 баш кара малга бирке тагылды. Бирканын акчасын жыйноо боюнча райондо акыркы орундарда турабыз. Башка жылдарга салыштырмалуу малдарды эмдөө, кан алуу кыйла жолго коюулган менен дагы деле болсо жетишээрлик жумуш болбой жатат. Буга мисал күзүндөгү Шаркыратма айылындагы 5 уйдун өлүмү айгинелеп турат. Ошондой эле иттерди эмдөө аларга дегелмитация жүргүзүү же ар бир үч айда дары берүү толук камдуу болбой жатканын айткым келет.
Жайыт комитети баштагы жылдарга салыштырмалуу жакшы иштерди жасодоо. Ушул жерден айткым келет, айлыбызга Сокулуктан “Чабернец” асыл тукум заводунан 1 бука келди, анын салмагы 550 кг эт, сүт багытындагы бука.
Быйылкы жылы сентябрь айында 50 миң , кийинки жылы 50 миң сомун кайтарабыз. Ушул асыл тукум буканы пайдаланып андан торпок алганга аракет жасап малдардын асылдуулугун жогорулатышыбыз керек. Беккери чункуруу апрель айына чейин бүтөт. Малдын ден-соолугун көзөмөлдөө тобуна 1 мотоцикл 70 миң сомго келди.
Талаачылык боюнча баштагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшы.
Быйыл дагы Кыргыз жайытты аркылуу 4 тонна 1 репродукциядагы арпанын үрөөнү 2 тонна эспарцеттин үрөөнү азот фасфору менен келди.
Мал чарба боюнча :
№ | Малдын түрү боюнча иш чаралар | 2017-жыл | 2018-жыл | ||||
План (баш) | Атка рылды | % | план | Аткарылды | % | ||
1 | Жылкы: |
|
|
|
|
|
|
| Сибирская язва вакц | 3000 | 3000 | 100 | 3000 | 3200 | 101 |
| Кан алуу (айыр) бруц | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
П | Кара мал: |
|
|
|
|
|
|
| Сибирск язва вакцинациясы | 6300 | 6300 | 100 | 6300 | 6600 | 102 |
| Шарп вакцинациясы | 9450 | 9450 | 100 | 9450 | 9800 | 101 |
| Кара сан | 3800 | 3800 | 100 | 3800 | 3800 | 100 |
| Кан алуу (бруцеллезге) | 1950 | 1950 | 100 | 1950 | 2050 | 102 |
Ш | Майда жандык: |
|
|
|
|
|
|
| Сибирск язва вакцинациясы | 36558 | 36600 | 100 | 36558 | 36600 | 100 |
| Оспа вакцинацияясы | 20700 | 20700 | 100 | 13000 | 13000 | 100 |
| Кыргын (чума МРС) вакц | 29700 | 29700 | 100 | 13000 | 13000 | 100 |
| Бруцеллез РЭФ -1 вакцина | 8400 | 8400 | 100 | 8400 | 9400 | 100 |
| Бруцеллезге кан алуу | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
IV | Канаттуулар: |
|
|
|
|
|
|
| Чума Н | 7455 | 7460 | 100 | 7455 | 7355 | 99 |
| Ла-Сота | 2760 | 2760 | 100 | 2760 | 2760 | 100 |
V | ИТ: |
|
|
|
|
|
|
| Кутурма вакцинасы | 880 | 880 | 100 | 880 | 880 | 100 |
| Дез. Цестодозго | 3520 | 3520 | 100 | 3520 | 3520 | 100 |
| Ит атуу |
| 87 | - | - | 89 |
|
| Бруцеллез менен ооруган адамдар |
| 3 | - | - | 3 | - |
| Эхинококкоз менен ооруган адамдар |
| 12 |
| - | 2 |
|
VI | Уйга бирка тагылды |
|
|
| 4500 | 4200 | 300 бирка калды |