Редакцияот 06.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы

2018-жылдын 06-марты № 10/2

Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифи боюнча Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет  тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

-ар бир куудурган мал үчүн ---1000 сом,

2. Ылай-Талаа айылынын аймагынын калкынын малдарын асылдандыруу максатында мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө аркылуу уйларды куудуруу кызматын уюштуруп эл арасында бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүжагы айыл өкмөтүнун малчарбасы , ветеринария боюнча башкы адиси Б.Омошовго жана Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.

 

Төрага :                                                                                                                                                                                                                     Н.Жолдошов