Редакцияот 06.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын  XII-кезектеги сессиясы

2018-жылдын 06-ноябры № 2

Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алынган бюджетинин 9-айда аткарылышын карап,Талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 9-айда аткарылышы боюнча Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н Кудайбергеновдун маалыматы кабыл алынсын.

2. 2018-жылдын бюджетинин 9айда аткарган чыгашадан ашкан киреше бөлүгүнүн акча каражаттарын тармактарга бөлүштүрүү,2-ноябрь 2018-жылы Бюджет жана Финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чыгарган чечими менен ишке ашырылсын.

3. Токтомдун аткарылышы Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Джеенчороев