Редакцияот 19.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын 13-чү кезексиз сессиясы

2019-жылдын 19-марты №2

Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүү жөнүндө

Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата  линиянын башына башкы курулманы курууга жана линия өтүүчү тиешелүү жер аянттарын жайыт жерден курулуш алдындагы жерге которууга карата трансформациялоого сунушталсын.

2. Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата  тиешелүү жер аянттарын жайыт жерден курулуш алдындагы жерге которууга карата трансформациялоого сунуштоо иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Кара-Булуң айыл башчысына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Айыпов