Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-6
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз республикасынын Жоруктар жөнүндөгү Кодексин,Кыргыз республикасынын Жазык-Процесстик Кодексин, «Пробация жөнүндөгү» , «Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8- майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик жөнүндө жобого ылайык Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде талкууга алынып,Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобо 1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияна Типтүү жобого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |
2018-жылдын «___» ___________________
№___ 1-тиркеме
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия)түзүүнүн жана алвардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия жөнүндө жобо ,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет,
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укукка ээ.
Комиссия жергиликтүү кенеште отчет берет.Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Комиссия так санда 5-11 адамдан,Комиссиянын төрагасынын,төрагасынын орун басарынын,катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.