Редакцияот 22.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6 -чакырылыштагы кезектеги 16-сессиясы

2018-жылдын 22-декабры № 55

Зергер айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

 Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 16-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобонун негизинде сунушталган комиссиянын курамы карап ,талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зергер айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү курамда бекитилсин: -Мурзаибраимов Н.-айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасы; -Кадыров М.Зергер айылдык кенешинин депутаты,комиссиянын төрагасынын орун басары; -Сагынбаев М.-социалдык коргоо адиси,комиссиянын катчысы; мүчөлөрү:

-Гапуров Х- Зергер айылдык кенешинин депутаты; -Каракозуев М.-жер турак жай маселелери боюнча башкы адис; -Мурзалиев М.-Зергер айыл аймагынын ардагерлер кешенинин төрагасы; айыл өкмөтүнүн -юристи.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика”боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Кулушов