Редакцияот 22.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6 -чакырылыштагы кезектеги 16-сессиясы

2018-жылдын 22-декабры № 57

Зергер айылдык Кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жонүндо

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Зергер айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Зергер айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш планын айылдык кеңештин сессиясында карап талкуулап, Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

С.Кулушов

 

Тиркеме

Зергер айылдык кеңешини 2018-жыл 22-декабрдагы №57 токтому менен бекитилген

Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планы

 

2019- жылы Зергер айылдык кеңешинин сессиясында каралучу негизги маселелер:

  1. Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аркарылышы, муниципалдык менчиктин пайдаланышы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү 2018 – жыл үчүн жылдык отчету жана 2019 – жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү (2019-жыл, февраль айы. Айыл өкмөт башчысы).
  2. Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2019-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).
  3. Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2019-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2019-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы)
  4. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө жана маданият үйүнүн.айылдык китепкананын калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2019-жыл, 2-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).
  5. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2019-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары).
  6. Бюджеттин 2019-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2019-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
  7. Зергер айыл аймагы боюнча 2019-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2019-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия”).

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                 С.Кулушов