Редакцияот 06.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы

2019-жылдын 06-марты № 32/3

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2019-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2019-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акылары боюнча айылдарда өткөн элдик жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 -Кой, козу башына 25 (жыйырма беш) сомдон.

 -Эчки, улак башына 30 (отуз) сомдон.

-Уй, торпок башына 300 (үч жүз) сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын

 макулдашуусу).

-Жылкы, тай башына 300 (үч жүз) сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси

 менен бадачынын макулдашуусу).

2.Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2019-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай алыскы жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.

оо аянт жерлеринин корук иштери 2019-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Малды корук айдоо аянттарына жайган атуулдарга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -20(жыйырма) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сом айып пул белгиленсин.

4.Жайлоодон төрт түлүк малды 2019-жылдын 5-октябрынан эрте көчүрүп түшүргөн бадачыларга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей 50(элүү) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сомдон айып пул салынаары эскертилсин.

5. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевге милдеттендирилсин .

 

Төрага

Б . Назаров