Редакцияот 09.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кенешинин (6 шайланган) кезектеги он биринчи сессиясынын жыйынынын

 

2018-жылдын 9-октябры № 11/8

Кашка-Жол айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинен жумшала турган акча каражаттары жѳнүндѳ

 

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин сессиясынын № 6\4 токтому менен бекитилген Кашка-Жол айыл аймагынын 2013-2018-жылдардагы жаңыланган социалдык-экономикалык планын эске алып айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын кѳчѳлѳрүнѳ шагыл тѳгүү үчүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен бѳлүнүп берилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттинен Октябрь айылынын кѳчѳлѳрүнѳ шагыл тѳгүү үчүн бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Оморов