Редакцияот 27.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү X сессиясы

 

2018-жылдын 27-ноябры № 99

Камыш-Башы айыл аймагындагы № 35 Ж.Чаргынов атындыгы орто мектебинин математика сабагынын мугалими, эл агартуунун отличниги Тургуналиева Гүлнара Сыргабаевнага “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камыш-Башы айыл аймагындагы № 35 Ж.Чаргынов атындыгы орто мектебинин директорунун 17.10.2018-жылдагы № 83 сунушун эске алып, Ж.Чаргынов атындыгы орто мектебинин математика сабагынын мугалими, эл агартуунун отличниги Тургуналиева Гүлнарага Сыргабаевнага билим берүү тармагында көп жылдык эмгектерин баалап “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.

2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков