Редакцияот 31.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айыл Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

2018-жылдын 31-марты № 45

Айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн жазгы талаа ищтери боюнча даярдыктары жана алдыдагы милдеттери боюнча Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жер жана турак жай маселелери боюнча башкы адисинин берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-чакырылыш кезектеги 11 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштери боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы, жер жана турак жай маселелери боюнча башкы адиси берген маалыматы көнүлгө алынсын.

2. Күн тартибиндеги маселе боюнча айтылган сын- сунуштарды эске алып тез арада жоюу жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Кадырбеков