Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-апрели № 2

Кара-Балта шаарынын 2017-жылдын социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жана Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жөнүндө

 

Кара-Балта шаарынын 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2018- жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин маалыматын карап чыгып, Кара-Балта шаардыккеңеш:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин «Кара-Балта шаарынын 2017-жылдын социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жөнүндө» маалыматы эске алынсын.

2. Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору бекитилсин.

3. Ушул токтомду аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара - Балта шаарынын мэриясынажүктөлсүн.

 

Төрага

А. Аалыев