Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-апрели № 6

«Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

2018-жылдын 19-февралындагы № 7 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна жана уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматына ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.

2. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобонун

Ø  I бөлүмүндө пункттар толукталсын

-          “соттолгондугу алынбаган жана соттолгондугу жоюлбаган (тындырылган) адамга «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылбайт”;

-          «Кара-Балта жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү болбогон жана чет өлкөлүк жаранга коомдук-саясий зор маанилүлүүгү үчүн айкын түрүндө

-          «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылат»;

Ø  II бөлүмдө

-          «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын бир жылда эки кандидаттан көп эмес (9 сентябрь) “Шаар күнүнө” карата ыйгарылсын» 2.3 пункту алынсын;

-          2.5. пунктунда “ күчүнө кирүү” кийин “айыптоо”сөзү менен кошумчалансын.

3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу - укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Аалыев