ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 15-кезексиз сессиясы
2018-жылдын 17-сентябры № 27
«Акча каражат бөлүштүрүү жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.А. Худайбергенованын Комсомольское айылынын башчысы Сулайманов Шамшидинге үйүнүн күйүп кеткенине байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, жана Сокулук району боюнча кырдаалдар бөлүмүнүн 2018 жылдын 4-июлунун №328 корутундусунун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомольское айылынын башчысы Сулайманов Шамшидинге материалдык жардам көрсөтүү20,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруусун контролдоо Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |