Редакцияот 17.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2018-жылдын 17-октябры № 3

“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”

 

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, Коргон айылына таза суу тартуу маселесин карап чыгып, анда Төө-Карын булагына суу кампа ( каптаж) куруу максатында төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Төө-Карын ” булагына ( каптаж) куруу үчүн жараксыз жерден 0,25 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. “Төө-Карын ” булагына ( каптаж) курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.

3. «Төө-Карын” булагына ( каптаж) каттоого алуу жана керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М Нышанбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Дадабаев К