Редакцияот 17.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2018-жылдын 17-октябры № 5

Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

 

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, Талаа айылына таза суу тартуу маселесин карап чыгып, анда Талаа айылына суу кампа ( каптаж) куруу максатында төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында №336 контурунда жайгашкан 0,25 га жер тилкеси суу кампа курууга бөлүнүп берилсин.

2. Талаа айылына суу кампа курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.

3. Талаа айылына суу кампа курууга керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жана каттоого алуу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Адишов Эмилге жүктөлсүн.

 

Төрага

Дадабаев К