Редакцияот 02.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2019-жылдын 2-февралы № 8

Муниципалдык менчиктеги техниканын ижара акысы жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги АРИСТИН демөөрчүлүгү менен сатылып алынган пресс таңгактоочу шаймандары менен Белорус тракторунун 2018-жыл үчүн бекитилген ижара акысы төлөнбөгөңдүгүнө байланыштуу эки тараптуу келишимдин талаптарына ылайык ижарачыга 2019-жылдын май айына чейин 2018-жылга бекитилген ижара акыны толук төлөп берүү каралсын.

2. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн сумма ижарачы тарабынан бекитилген мөөнөткө төлөнүп берилбесе аталган техника айыл өкмөткө кайтарылып алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Бекназаров