ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 29-декабры № 186/26-4
P- 2 зонасынан П-1 зонасына жер участогун которуу жана Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндө катын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Ворошилов көчөсүнүн РЭТнын чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкесин P-2 зонасынан ( рекрециондук-ландшафтык аймак) П-1 (өнөр жай ишканалар) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |