Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 87
Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнүндɵ кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126, «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосунун» негизинде, Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шопоков шаарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Шопоков шаарынын бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча комиссиянын сандык жана персоналдык курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Шопоков шаарынын мэри С.К Умаралиевге жүктөлсүн.
Шопоков шаардык Кеңешини төрагасы | Тилебек уулу Эмилбек |