Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры № 10

Сейдикум айыл аймагынын Хажир-Абадайылынын адырында жашоочуларынын арызы жөнүндө

 

Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Хажир-Абад айылынын адырындагы жашоочуларынын маркум,эмгек ардагери Мамадалиев Дүйшөнүн атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сейдикум айыл аймагынын Хажир-Абад айылынын адырындагы тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.

2. Сейдикум айыл аймагынын Хажир-Абад айылынын адырынын тургуну Нурунбаев Каримжандын үйүнөн, Чомоев Лачындын сарайына чейин маркум,эмгек ардагери Мамадалиев Дүйшөнүн аты бекитилсин.

3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Турсункулов