Редакцияот 03.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 3-апрели № 2

“Ноокен районунун балансасындагы Майлу Суу учаскасындагы мамлекеттик запас жайыт жерлерди кайра кайтаруу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХVIII–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен районунун аймагынан 1995-1996-жылдардагы буйруктун негизинде бөлүнүп берилген мурдагы Майлуу Суу учаскасындагы жайыт жерлерди Ноокен районуна кайтарылып берилсин.

2. Ноокен районунун элинин малынын башы көбөйгөнүнүн натыйжасында мурдагы жер ээлерине, Ноокен районунундагы айыл өкмөттөргө кайтарылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кадырбековго милдеттендирилсин

 

Төраганын орун басары

Б. Мамадалиева