Редакцияот 24.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 24-апрели № 10

  Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиеванын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы, Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу «Демилге» суу пайдалануучулар ассоциациясына баланстан баланска өткөрүлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага милдеттендирилсин.  

3. Бул токтомдун аткарууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Джодаев А.Б.