Редакцияот 24.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 24-апрели № 12

 Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө 2019-жылдын 22-февралындагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизуу жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрун угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 01.01.2019-жылдагы калдыгын бөлүштүрүү жөнүндөгү 22.02.2019-жылдагы №5 токтомунун 16-пуктусуна өзгөртүү киргизилсин.

2. 22.02.2019-жылдагы №5 токтомдун 16-пуктундагы “Байдамтал Алтын булак ” деген сөз алынып салынып, анын ордуна Көк-Мойнок-2 айылындагы “Таза сууга” таза суунун башына суу кошуу үчүн 200 000сом берилсин деп өзгөртүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиевага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Смановага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Джодаев А.Б.