Редакцияот 09.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

2019-жылдын 09-апрели № 1

Жайыттарды коруучу кароолчулардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу ЖПБнин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтү боюнча 12 жайыт коруучу кароолдорго сезонго эмгек акы төлөнүп берилсин.

2. Ар бир кароолчуга сезонго 2000 сомдон эмгек акы төлөнсүн.

3. Кароолчуларды эмгек акы менен учурунда камсыз кылуу жагы ЖПБнин төрагасы С. Мамакеевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Малабеков Т.