Редакцияот 05.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 05-февралы № 2

Шайдан айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги  ХIV-сессиясында Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 сандуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн штаттык бекитүү жөнүндө ” кайрылуусун угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 сандуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн штаттык бекитүү жөнүндө ” кайрылуусу эске алынсын.

2. Шайдан айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы  Ш. Алыкуловго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Назиров