Редакцияот 11.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын

2016-жылдын 11-августу № 4

Көк-Ирим айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж адамдарга жардам берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж Арал айылынын тургуну Далбаева Зинатка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 000 (Υч миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын карап берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Топоев