Редакцияот 13.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

27-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы

2018-жылдын 13-декабры № 2

“Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө”

Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо максатында

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 2 998 620 (эки миллион тогуз жүз токсон сегиз миң алты жүз жыйырма) сомду түзгөн Казан-Куйган айыл аймагындагы № 4 ҮДТнун имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.

2.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Казан-Куйган айыл аймагынын бюджетинен 449 793 (төрт жүз кырк тогуз миң жети жүз токсон үч) сом бөлүнүп берилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгуловго жана башкы эсепчи А.Шалтаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Шалтаев