Редакцияот 03.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

VI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2018-жылдын 3-август № 31\3

«Кочкор айыл өкмөтүнүн ВАЗ 2107 кызматтык автомашинасын өткөрүп берүү жөнүндө»

Кочкор айыл өкмөтүнүн 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган ВАЗ 2107 кызматтык автомашинасын Большевик айылынын ИСКАКБ «Алтын-Булак Касымгелди» Таза-Суусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү сунуштарын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча» башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор айыл өкмөтүнүн 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган NA 0891 номерлүү ВАЗ 2107 кызматтык автомашинасы Большевик айылынын ИСКАКБ «Алтын-Булак Касымгелди» ичүүчү таза-суу ишканасына өткөрүлүп берилсин.

2.Тийиштүү документтерин тактап, өткөрүү актысы менен өткөрүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы Н.Токтогожоева жана айдоочусу Р.Исабаевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Балкыбеков Т.