Редакцияот 06.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 6-декабры № 8

“Түйтө айылына караштуу С.Көчөрбаев атындагы орто мектебинин имаратынын жанына жыйындар залын китепканасы менен куруу жөнүндө”

 Шадыкан айылдык кеңешинин 27 чакырылыштагы деуптаттарынын

2018-жылдын 6-декабрындагы кезектеги 18 сессиясы. Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызабековдун үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен,Түйтө айылына караштуу С.Көчөрбаев атындагы орто мектебинин имаратынын жанына жыйындар залын китепканасы менен куруу боюнча демилгесин угуп,талкуулдап :

Т О К Т О М К Ы ЛА Т :

1.    Түйтө айылына караштуу С.Көчөрбаев атындагы орто мектебинин имаратынын жанына жыйындар залын китепканасы менен куруу максатуу жана керектүү деп табылсын.

2.    Долбоорунун жалпы суммасы 3433898 ( үч миллион төрт жүз отуз үч миң сегиз жүз токсон сегиз ) сомду түзгөндүгү белгиленсин.

3.    Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымы 515085 (беш жүз он беш миң сексен беш ) сом.Накталай акча түрүндө айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетине киргизилип,которулуп берилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызабековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Назаралиев