Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 3
“Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосун жана “Бирдиктүү терезе “ принциби боюнча кызмат- тарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүңдө Келишимдин Типтүү формасын бекитүү жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен келген 2018-жылдын 30-мартындагы № 01-18/38 буйругунун негизинде келген Типтүү жобону карап чыгып , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүң алдында түзүлгөң Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосун жана “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүңдө Келишимдин Типтүү формасы бекитилсин.
2.Бекитилген жобонун негизинде жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык айыл өкмөтүнүң башчысы тарабынан түзүлгөн ККБ жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлгө алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
4.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |