Редакцияот 26.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-апрели № 8

Элдердин ден соолугуна зыян келтирип жаткан теректерди кыйып салуу жөнүндө

 

Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ичиндеги элдердин ден соолугуна зыян келтирүүчү теректер аныкталсын

2. 2019-жылдын 1-декабрына чейин элдердин ден соолугуна зыян келтирүүчү теректер кыйып ташталсын

3. Теректерди кыйып салуу үчүн макулдашууга Жалал Абад аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгына жөнөтүлсүн

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

Төрага

Э. Мансиркулов